Кыргызстанга COVID-19га каршы жалпы 6 миллион 168 миң 200 доза вакцина келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алынган вакциналардын ичинен:
Пайдаланылганы – 3 миллион 571 миң 443 доза;
Жарактан чыгарылганы - 267 миң 578 доза;
Калганы - 2 миллион 329 миң 179 доза.
Алардын ичинен республикалык бюджеттен – 2 миллион 460 миң доза вакцина сатып алынды.
• Спутник V – 110 миң доза
• Sinopharm – 2 миллион 350 миң доз.а.
COVAX – 1 миллион 428 миң доза
• Moderna – 216 миң доза
• Sinopharm – 298 миң 800 доза
• AstraZeneca – 454 миң 560 доза
• Pfizer – 458 640 доза.
Гуманитардык жардам катары 2 миллион 280 200 доза вакцина келди.
• Спутник V – 10 миң доза
• QazVac – 25 миң доза
• AstraZeneca – 95 200 доза
• SinoVac – 150 миң доза
• Спутник Lite – 200 миң доз
• Sinopharm – 1 миллион 800 миң доз.
Август айында COVAX механизминин алкагында 100 миң 629 доза Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө.