Бишкек шаарын Жаңы жылга карата жасалгалоо иштерине быйыл 500 миң сом бөлүндү

Кыргызстандын борбор шаарын Жаңы жылга карата жасалгалоо иштери 20-декабрда башталат. Муну бүгүн, 3-декабрда мэрия билдирди. 

Жылдагыдай эле панного Жаңы жыл, кыш, Аяз ата, Аяз кыз, балаты, кар жана башка жаңы жылдын белгилери тартылып аянтка коюлат. 20-декабрга карата шаардагы административдик имараттар, соода түйүндөрү, эс алуу борборлору жана көчөлөр да жасалгаланат. Бул иштерге 500 миң сом бөлүндү. “Майрамдык иш-чаралар борбордук аянтта өткөрүлөт, жаңы жылдык фейерверк атылып, Аяз ата жана Аяз кыздын жүрүштөрү уюштурулат. Иш-чаралардын планына ылайык баш аламандыкта соода кылууга жана пиротехникалык буюмдарды сатууга тыюу салынат”,- деп билдирет мекеме. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан