ЭЛДИК КАБАРга жооп: Мэрия: "Бишкектеги куурап калган дарактар алынат"

Бишкек шаардык мэриясы окурмандын калаадагы Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги канча жылдан бери өсүп турган дарактар куурап жатат деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Алардын айтымында, борбордогу куураган дарактар алынат.

"Окурмандын кайрылуусунда айтылган куурап калган дарактар "Бишкек жашыл чарба" ишканасы тарабынан алынат", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурман Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги канча жылдан бери өсүп турган дарактар куурап жатат. Ал жерде май куюучу жай бар. Тийиштүү мекеме көзөмөлгө алса деген билдирүү жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан