Колдон-колго өтүп зордукталган 13 жашар кыз мындан ары соттук отурумдарга катышпайт

Бүгүн, 27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча соттук териштирүү уланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун жактоочусу Тимур Султанов билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу кыз психологдун катышуусунда көрсөтмө берди. Соттун чечимине ылайык мындан аркы соттук жараяндарга кыз катышпай турган болду. Кыздын ордуна анын мыйзамдуу өкүлдөрү катышат.

Ошондой эле бул иш боюнча сот отуруму бүгүн Свердлов райондук сотунда да болду. Бирок көрсөтмө берүүгө күбө катары чакырылган эксперттер келбегендигине байланыштуу отурум 28-июлга жылдырылды.

Эске салсак, буга чейин 13 жашар кыздын зордуктоого кабылгандыгы белгилүү болгон. Кыздын ата-энеси SUPER.KG порталына кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөндөрүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.

Акыркы убакта өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктар байма-бай катталып келет. Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан