Талас районундагы Бала-Саруу чакан ГЭСинин биринчи агрегаты декабрда ишке берилет. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында билдирди.
“Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Быйыл декабрда биринчи агрегатын бергенге аракет кылабыз”, - деп билдирди ал.
Бекмурзаев ГЭСтин курулуш иштерин өкмөт толук бойдон өз күчү менен жасап жатканын белгиледи.