Бүгүн, 28-июль күнү дагы өлкө аймагында ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +36, +41°, Талас өрөөнүндө +34, +39°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +37, +42º, тоо этектеринде +34, +39°, Суусамыр өрөөнүндө +27+ 32º, Ысык-Көлдө +29, +34°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +31, +36º, тоолуу райондордо +24, +29°, бийик тоолордо +14, +19° жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
"Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат", - деп билдирди министрлик.