
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын 43 жаштагы тургуну
Өмүрбек Исламов дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал 11-июль күнү саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Учурда Өмүрбек Исламов жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: бою 175-180 сантиметр, ак жүздүү, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: боз түстөгү кепка, боз түстөгү футболка жана спорттук шым, бутунда күрөң түстөгү крассовка.
Милиция кызматы дайынсыз болуп жаткан Өмүрбек Исламов боюнча кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү номерлерге кайрылып коюуну өтүнөт: 03722-7-39-90, 102, 0553-78-00-78, 0777 80-65-68.