Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы күн электр станциясынын курулуш иштери тууралуу SUPER.KG порталына маалымат берди.
Анын айтымында, күн электр станциянын кубаттуулугу 300 мегаватты (МВт) түзөт. Долбоорго Евразия өнүктүрүү банкы 40 миллион доллар бөлүп берүүдө.
"Азырынча долбоорлоо-изилдөө жана техникалык иштери жасалууда. Бүтөйүн деп калышты. Андан соң курулуш иштери башталат. Так айта албайм, бирок быйылкы жылдын соңуна чейин башталат", - деди ал.
Эске салсак, буга чейин апрель айынын аягында Тору-Айгыр айылында Кыргызстандагы биринчи күн электр станциясынын курулушу башталганы кабарланган. Курулушту "Бишкек Солар" ишканасы баштагандыгы, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылып жатканы айтылган.