"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "баш көтөрүү", "баш паанек", "башы ачык", "башына чөп сындыруу", "башы экөө эмес" фразеологизмдеринин маанисин чечмелеп көрдүк. Аталган фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бакытбек Жунусалиев түшүндүрүп берди.
Баш көтөрүү - 1. оорудан айыгуу, жакшы болуп калуу; 2. Каршылык көрсөтө баштоо.
Мисалы: Үч күндөн бери төшөктө жаткан уулу бүгүн кичине баш көтөрүп калыптыр. Жергиликтүү бийликтин салыгына чыдабай, карапайым эл баш көтөрө баштады.
Баш паанек - баш калкалай турган жер.
Мисалы: Барар жер алыс болгондуктан, алгач түнөп алууга баш паанек табуу керек болуп турду.
Башы ачык - өз алдынча, эч кимге тиешеси жок же кудалашкан жери жок кыз.
Мисалы: Ал келиндин башы ачык деп бир тууган жеңеси айткан экен...
Башына чөп сындыруу - күтүлбөгөн жакшы иш-аракеттерге карата айтылат.
Мисалы: “Акматтын башына чөп сындырып койгула, ишке кол тийгизем деп өзү келип калыптыр”, - деп Айбек күлүп калды.
Башы экөө эмес - жоопкерчиликти моюнга алып, жамандыкка бара албайт маанисинде колдонулат.
Мисалы: Башым экөө эмес... Элдин баары билген саткындар үчүн мен кепилдик бере албайм.