Ош. Кулатов кичи районунда электрдик откана ишке берилди

3-декабрда Ош шаарынын Кулатов кичи районунда капиталдык ремонттон жаңы чыгарылган электрдик откананын ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сѳз кызматы кабарлады.

Бул откананын ачылышына Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов катышып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алардын коммуналдык көйгөйлөрүн укту.

Капиталдык ремонттон өткөрүүнү кайрадан жабдыктоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 14 миллион сом каражат бөлүндү. Башында бул откана жаратылыш газы менен иштесе, эми мындан ары электр энергиясы менен иштей баштайт. Ушундай шартта биз 15 миллион сомго  жакын каражатты үнөмдөй алабыз”,- деди ал өз сөзүндө.

Ош шаардык мэриясынын чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси Урали Романов билдиргендей, аталган электрдик откана райондо электр жарыгы жок болгон учурда дагы эч кандай үзгүлтүксүз иштейт. Анткени ал жеке электр тармагына туташкан. 

Учурда бул откана 28 турак үйгө, №14-орто мектепке, бала бакча жана интернатка жылуулук берүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан