"14 күндө жасап бүттүк". "Гиннесске" киргизүү үчүн шырдак жасаган уздардын бири Турдубүбү апа менен маек

Соң-Көл жайлоосунда "Алтын кол-Нарын" кол өнөрчүлөрдүн коомдук бирикмесинин демилгеси менен узундугу 130 метрден ашкан кыргыз шырдагы жасалды. Кечээ, 27-июль күнү шырдакты "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизүү үчүн билдирме жөнөтүлдү. Ал Соң-Көлдө өткөн "Нарындагы эң узун шырдак" фестивалында көрсөтүлгөн. Шырдакты аталган бирикменин 70 уз, чеберлери жасашкан. Ал эми алардын бири Турдубүбү Жекшенова шырдактын жасалышы боюнча SUPER.KG порталына айтып берди.

Турдубүбү Жекшенова - Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын жашоочусу. Көп жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жана башка бир катар мааракелерге катышып, кино, спектаклдерде роль жараткан.

14 күндө жасап бүттүк

Шырдакты жасоого Жумгал, Ат-Башы, Кочкор, Нарын жана Ак-Талаадагы айымдар катышты. Биздин райондон (Ат-Башы) 5 айымга бөлүнүп берилиптир, 21 метр болгон шырдакты жасадык. Аны 8 күндө жөрмөп, 6 күндө шырып бүттүк. Ошентип биздин район жасаган шырдак 14 күндүн ичинде даяр болду.

Шырдак менен кошо бир боз үйдү да жасап алдым

Босого жайлоосунда классташтар болуп 50 жылдыкты белгилемекпиз. Ага карата боз үй жасадым. Ошентип бул шырдакты жасоо менен 40 күндүн ичинде бир боз үйдү да жасап, бүтүрүп алдым.

Түсүн тандай албай кыйналдык

Кийиздин түсүн тандай албай көпкө кыйналдык. Ат-Башылык келин жасаган шырдактын өңү кичине кара-көгүш болуп калыптыр. Эгер "Гиннесстин рекорддор китебине" кирем деген максатың болсо, анда кайра жасап кел деп жаратпай койдук.

Негизи шырдактын өңдөрүн бардык уз, чеберлер WhatsApp аркылуу тандаганбыз. Ал эми анын жээгиндеги көк түстү Соң-Көлдүн өңүндөй көк болсун деп окшоштурганбыз.

Баары ойдогудай болду

Туурасы 1 метр 50 сантиметр, ар бир районго 25 метрден тийген. Алгач өз-өзүнчө жасап, андан соң жасалган шырдактарды Соң Көлгө жеткенде 3-4 жеринен кошуп уладык. Текши болбой калабы деп чочулап жаттык элек, баары ойдогудай болуп чыкты. Шырдакты улаганыбызда капталдары тегиз болду. Көлдөгү таштардын үстүнө шырдакты салганда жарашып эле жатып калды. Баса, көлгө шырдакты жерге түшүрбөй көтөрүп алып барганбыз. Бир боз үйдүн ичине аны түрүп киргизсек батпай калды, өзүбүз сыртка чыгып калдык.

Тикебизден тик туруп иштедик

Шырдак жасагандардын алды 80 жашка таяган апалар, баары тең колунан көрү төгүлгөн уздар. Шырдак үчүн тикебизден тик туруп, болгон аракетибиз менен аны жасадык. Фестиваль күнү ырдадык, бийледик. Жасаган эмгегибизге аябай сүйүндүк. Чын эле ушунча узундуктагы шырдакты жасай алдыкпы деп таң калдык. Бири-бирибизди тааныбаган айымдар деле бир үй-бүлөдөй болуп кучакташып, кубандык. Андагы сезимдерибизди түшүндүрө албайбыз. Азыр деле чын эле "Гиннесстин рекорддор китебине" киреби деп жүрөгүбүз түпөйүл болуп жатат. Бирок кыргыз аялзатынын күчтүүлүгүн, эрктүүлүгүн даңазалай алганыбызга сыймыктанып жатабыз.

Шырдак
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан