Жалал-Абад мэриясы "Азиздер жана дүлөйлөр" коомуна 10 миң сом берди

3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы "Азиздер жана дүлөйлөр" коому майрамдык кече уюштурду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага шаардагы мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, тургундар жана социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айзат Раматиллаева катышты. Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан 10 миң сом "Көзү азиздер жана дүлөйлөр" коомуна тапшырылды.

Бул коомду көп жылдардан бери жетектеп келе жаткан Үсөнбай Печеловдун айтымында, коомдун алдында жалпысынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 184 жаранга реабилитациялык жардамдар берилип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан