Ахлат – Түркиянын чыгышындагы Битлис провинциясындагы Ван көлүнүн жанында жайгашкан чакан шаар. Бул шаар өзүнүн табигый кооздугу менен суктандырып келет. Селжук - Осмон империяларынан мурас катары ага мүрзөлөр, мечиттер, сепил жана ачык асман алдындагы музей статусун алган байыркы көрүстөндөр калган. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген журналисттер медиа-турдун алкагында шаардын көп кылымдык тарыхын өзүнө камтыган Ахлат Селжук көрүстүнө жана Ахлат музейине барып таанышышты.
Ахлат Селжук Анатолиядагы жана бүткүл ислам дүйнөсүндөгү эң чоң көрүстөн болуп эсептелинет. Анда үч түрдүү көрүстөн бар: Курулган мүрзөлөр, ташсыз призмалык саркофагдар жана воронка.
Мүрзө таштарында маркум тууралуу маалыматтар, анын кайдан келгени, ким болгондугу, ошондой эле эпитафиялар, адабий сөздөр, Куран аяттары жана хадистер бар. Арткы бетинде мүрзөнү жасаган устанын аты-жөнү, тамгалардын жана геометриялык фигуралардын оюлары менен жазылган.
Ошондой эле кээ бир таштардан эки баштуу ажыдаардын чиймелерин көрүүгө болот.
Селчук көрүстөнү ачык асман алдындагы музей статусун алган.
Таш күмбөздөрдүн бийиктиги 4 метр, туурасы 120 сантиметр болгон. Алардын ар бири геометриялык фигураларды жана гүл оймолорун айкалыштырган жарашыктуу, уникалдуу оюп жасалган оюм-чийим менен кооздолгон. Алардын айрымдарында «Михраб» (Михраб мечиттердин чиймелери, маркум мечиттин ушул эшиктери аркылуу түз эле бейишке кетет деп ишенишкен) чегилген.
Көрүстөндөгү эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири «Кадылар».
Кадылар ошол кездеги казы болушкан, калыстык кылышкан. Ошол үчүн эл аларды сыйлаган, аларды эскерип, урматтап, бийик эстеликтерди тургузушкан. Аянты 210 миң чарчы метр болгон көрүстөндө 9 миңге жакын мүрзөлөр 12-16-кылымдан бери сакталып калган. Алардан 32синде сүрөтчүнүн кол тамгалары табылган. Ахлат Селжук көрүстөнү аянты жагынан түрк-ислам көрүстөндөрүнүн арасында биринчи орунда турат.
Ахлаттын мүрзө таштары «Урарту жана Осмон сепилинин Ахлат мүрзөлөрү» катары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Ахлат Селжук көрүстөнүнө жакын жерде Ахлат музейи жайгашкан.
Көптөгөн цивилизациялардын изин бүгүнкү күнгө жеткирген Ахлат музейи биринчи жолу 1971-жылы зыяратчыларга эшигин ачкан. Бул Ахлат мүрзөсүнүн айланасындагы жалгыз музей. 2014-жылы Маданият жана туризм министрлиги тарабынан заманбап Ахлат музейи жана тосуп алуу борбору аттуу жаңы музей курулуп, ошол эле жылы элге тартууланган.
Музейдеги экспонаттар 4 башка багытта көргөзмөгө коюлган. Алар археологиялык, шаардык эс тутум, фойе жана бакча. Анда эрте, орто, кеч коло жана темир дооруна, эллинизм, рим мезгилине жана чыгыш Рим мезгилине, селжук дооруна жана хальколит доорунан баштап Осмон дооруна таандык экспонаттар көргөзмөгө коюлган.
Музейде жана мечитте тартылган сүрөттөрдү тартуулайбыз.
Ар кайсы өлкөдөн журналисттерди чакырып медиатур уюштурганы, Түркияны жакындан таанууга мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн «Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине, ошондой эле Түркия Туризмди өнүктүрүү агенттигине (TGA)» ыраазычылык билдиребиз!