Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен кийин Элебаев көчөсү ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Элебаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү реконструкцияланган.
"Жолдун узундугу 350 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына туурасы 1,5 метрден 2 метрге чейин тротуарлар төшөлүп, ирригация курулду", - деп жазылган маалыматта.