Балыкчы шаарында шамалдын кесепетинен көлдө кайыкта калып калган 16 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, министрликке Балыкчыдагы "Алия" мейманканасынын тушунда көлгө 1 киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 3 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар барган учурда көлгө эч ким чөкпөгөндүгү аныкталган.
Шамалдын кесепетинен көл үстүндө кайыкта 2006-жылы туулган Э.А. аттуу кыз калып калган. Куткаруучулар аталган кызды жээкке алып чыгышкан. Абалы жакшы.