"Ош ТВ" телерадиокомпаниясы толугу менен Ош шаардык мэриясынын карамагына өттү

“Ош ТВ” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коому Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Мындай чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынганын аталган министрликтен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган чечим шаардын көйгөйлөрүн, муниципалдык кызматтардын ишин, карапайым шаардыктардын турмушун чагылдырууга багытталган.

"Жалал-Абад шаардык соттун 2011-жылдын 28-октябрындагы чечимине ылайык “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы жоопкерчилиги чектелген коому мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.

Мындан ары экономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду телерадиокомпаниянын ыйгарым укуктуу жалгыз уюмдаштыруучусу болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан