Чүйдө 18 жаштагы жоокер өзүн атып каза болду

Молдовановка айылында жайгашкан №27 түзөтүү мекемесинин жоокери өзүн атып каза тапты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июль күнү эртең менен саат 08:30 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүнө катардагы жоокер А.К.С. өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, натыйжада алган жаракатынан ошол жерден каза болгон.

Учурда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан