Улуу Британиядагы Пенсильвания университетинин стоматология мектебинин кызматкерлери коронавируска каршы сагыз ойлоп табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, иштелип чыккан сагыз менен COVID-19 вирусунун жайылуу коркунучун азайтууга болот. Сагыздын курамында жасалма түрдө өстүрүлгөн ACE2 протеин бар экени айтылат.
"Изилдөө үчүн "дельта" жана "омикрон" штаммдары менен ооруган адамдардын шилекейи колдонулган. Вирустун бөлүкчөлөрү сагыздагы өсүмдүк протеин рецепторлоруна жабышып калган. Натыйжада коронавирустун активдүүлүгү жана ооз көңдөйүндөгү бактериялардын жалпы саны 95 пайызга азайган", - деп жазылат маалыматта.
Ойлоп табуучулар сагызды коронавируска каршы профилактика катары базарга алып чыгуу үчүн клиникалык сыноолорду баштоону пландаштырып жатканы кабарланат.