"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Дубовый сейил багындагы таман таштарды алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.
Сүрөттө көрсөтүлгөндөй аталган сейил бактагы таман таштар жаңыланууда.
Белгилей кетсек, азыркы тапта борбордогу айрым көчөлөр да оңдоо иштерине байланыштуу жабылууда. Ошондой эле Башкы прокуратуранын күйүп кеткен мурдагы имаратын бузуу иштери жүрүп, өкмөт үйүнүн фасады да жаңыртылып жатат.