Кыргызстанда мектеп директорлорунун орточо айлык акысы 15 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл өлкөдө мугалимдердин маянасы гана жогорулаган. Ал эми мектеп директорлорунун айлыгы көтөрүлгөн эмес.
"Директорлордун айлыгын күз айларында жогорулатуу пландалып жатат", - дешти министрликтен.
Белгилүү болгондой, буга чейин министрлик мектеп директорлорунун бош орундарына сынак жарыялаган.