Москва шаарындагы мейманканадан чыккан өрттөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-июлга караган түнү Москва шаарынын Алма-Атинская көчөсүндө жайгашкан хостелдин аймагында өрт чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, сегиз адам каза болуп, 200дөй адам эвакуацияланган.
"Учурда Орусиянын укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын жана өрттүн келип чыгуу себептерин, ошондой эле өрттөн каза болгондордун аты-жөнүн жана жарандыгын аныктоодо.
Окуя болгон жерде элчиликтин кызматкери жүрөт", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Москвадагы хостелден өрт чыгып, андан 8 мигрант каза болгондугу кабарланган. Каза болгондун баары бир бөлмөдө болушкан. Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги SUPER.KG порталына мигранттардын аты-жөнүн тастыктаган документтер күйүп кеткенин билдирген.