Электр энергиясын чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн жаңы тариф киргизилди

Электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн электр энергиясына жаңы тариф 5 сом 4 тыйын өлчөмүндө бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы тариф келишим боюнча, ыктыярдуу негизде колдонулуп, электр энергиясын жана анын кубаттуулугун чектөөсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.

“Жарандардын бул категориясы үчүн электр энергиясын көп керектөөчүлөр катары тариф колдонулат, башкача айтканда 252,0 тыйын × 2,0 коэффициент же 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 504,0 тыйын. Тариф керектелген электр энергиянын жалпы көлөмүнө тиешелүү, мында 700 кВт сааттык керектөө нормасы колдонулбайт”, - деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин кеңешмесинде 2022-жылга керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн электр жана жылуулук энергиясына карай колдонуудагы тарифтерди сактоо чечими кабыл алынгандыгы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан