"Тазалык" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө карата арыздардын жана сын-пикирлердин көптүгүнө байланыштуу ишкананын директору Султан Алыбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, таштандыларды өз убагында чыгаруу маселеси боюнча шаардыктар тарабынан канааттандырарлык эмес баа үчүн "Тазалык" ишканасынын директорунун орун басары дагы кызматтан алынат.
Ишкананын жаңы директору болуп Марат Алдашкуров, орун басары болуп Нурлан Касымов дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.