Зоопаркка өткөрүлдү. Түптө тургундун үйүнөн "Кызыл китепке" кирген куш табылды (фото)

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн "Кызыл китепке" кирген кара куш табылды. Маалыматты облустук милициядан билдиришти.

Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине Түп районунун тургуну "Кызыл китепке" кирген кара кушту үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн.

Текшерүү учурунда айтылып жаткан жарандын аты-жөнү аныкталды. Ал Сары-Булуң айылынын 61 жаштагы тургуну болуп чыгып, анын көл жээгинин жанындагы кашарынан жарым жетилген жырткыч куш табылган.

Адистердин алдын ала маалыматы боюнча, табылган канаттуу Кыргызстандын "Кызыл китебине" кирген кара куш болуп эсептелинет.

Бул факты Түп райондук милициясында маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берүү үчүн териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Алынган кара куш Каракол шаарындагы зоопаркка өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан