Бишкекте изделип жаткан 13 жаштагы кыз үйүнө аман-эсен кайтып барды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 13 жаштагы Каныкей Жакшыбаева табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн Каныкейдин ата-энеси саат 4:00 чамасында кызы аман-эсен Жалал-Абад облусундагы үйүнө кайтып баргандыгын билдиришкен.

Учурда милиция кызматы окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатат.

Белгилей кетсек, ал 25-июнь күнү Жалал-Абаддагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ал Бишкек шаарынын аймагынан изделген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан