Бишкек шаарынын Садыгалиев көчөсүндөгү
өрттөнгөн кампада азык-түлүк жана жер семирткич сакталган. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Маалым болгондой, өрттүн болжолдуу аянты 1500-1800 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Анда:
- 450 тонна - жер семирткич;
- 300 тонна - тамак-аш тузу;
- 80 тонна - өсүмдүк майы;
- 30 тонна - гречка;
- 10 тонна - күрүч сакталып калды.
Кампадан чыккан ири өрт тууралуу маалымат түнкү саат 03:45те түшкөн. Жалпысынан өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм, 10 өрт өчүрүүчү унаа, ӨКМдан 40, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 3 кызматкери тартылган.
Ошондой эле аймактагы аянтты чектөөгө ИИМдин 60 кызматкери, Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынан 2, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа тартылды. Тилсиз жоо саат 07:20да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.