Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырым аралыктарында жолду тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымат таратты.
"Учурда жеринде ӨКМнын Бишкек-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 4 куткаруучу атайын унаасы, Балыкчы шаардык Өрткө каршы куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, кошумча №32 ЖТИден 2 грейдер, 2 жүктөгүч тартылып, сел суусу менен түшкөн кум-шагылды тазалоо иши жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти министрликтен.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар катталган жок.
Эске салсак, бүгүн саат 11:00 чамасында Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, кокту-колоттон түшкөн кум-шагыл (көлөмү такталууда) жолду бөгөп калган.
Айдоочулар жолдун ачылышы тууралуу, кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине чалып маалымат алса болот.