Боомдо жабылган унаа жол качан ачылары белгилүү болду

Боом капчыгайында селге байланыштуу жабылган унаа жол болжол менен саат 18:00дө ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен маалымдашты.
Маалым болгондой, учурда жерине №32 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, "Кыргыз темир жолу" ишканасынан 1 жүктөгүч, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу №955 Жол тейлөө кызматынан 1 жүктөгүч жана айыл өкмөттөн кошумча техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери жүрүүдө.
Маалымат үчүн: Бүгүн саат 11:00 чамасында Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, кокту-колоттон түшкөн кум-шагыл (көлөмү такталууда) жолду бөгөп калган. Буга байланыштуу жол эки тараптуу жабылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан