Бишкектеги балдар аянтчасында кызга кол көтөргөн кишиге айып пул салынды

Бишкектеги оюн-зоок борборлорунун биринде мушташкан балдарды ажыраткан кызга кол көтөргөн эркек кишиге 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ленин райондук сотуна байланышканыбызда билдиришти.

Соттун чечимине ылайык, А.уулу Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 5500 сом айып пул салынды.

Буга чейин борбор калаадагы оюн-зоок борборлорунун биринде мушташкан балдарды ажыраткан кызга эркек киши кол көтөргөн видео тараган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан