Жалал-Абад облусунун Сузак районунда социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, дүкөн кечээ, 30-июлда колдонууга берилди. Анда азык-түлүк базар баасынан арзан, тагыраагы өндүрүүчүлөрдүн баасында сатылат. Ага ылайык:
- Ун 1-сорт 50 килограмм - 1600 сом;
- Ун 2-сорт 50 килограмм - 1150 сом;
- Май 1 литр - 140 сом;
- Май 3 литр - 420 сом;
- Май 5 литр - 680 сом;
- Уй эти 1 килограмм 420 сом, кой эти 480;
- Кир самын 1 даана - 25 сом;
- Дарбыз 1 килограмм - 12 сом;
- Коон 1 килограмм - 50 сом;
- Күрүч - 80 сом.
Буга чейин Ош шаарында социалдык дүкөндөр ачылары, анда калктын муктаж катмарына эт жана сүт азыктары базар баасынан 10 пайыз төмөн баада сатылары маалымдалган.