Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүн таңкы саат 7:55 чамасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жетип, Чаткал кырка тоолорунда, Тегирмен-Сай, Жылгын, Аркыт айылдарында (2,5 балл) жана Талас шаарында сезилген.