Бир апта ичинде өлкөдө орун алган орчундуу окуяларды тизмектейбиз. Анда сөз башынан болсун...
Бишкекте 12 жылдан бери шаардын көркүн бузуп турган Башкы прокуратуранын күйүп кеткен мурдагы имаратын бузуу иштери жүрүүдө. Шаардык бийликтен белгилешкендей, анын ордуна заманбап объект салынат. Буга удаа өкмөт үйүнүн фасады жаңыртылууда. Учурда имараттын сырты сырдалып, айланасындагы таман таштарды жаңылоо иштери жүрүп жаткан кези.
Эсиңиздерде болсо, жаңы стадиондун курулушу август айында башталарын өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазган. Дал ошол стадион Орок айылынын аймагында 20,78 гектар аянттагы жер тилкесине курулмай болду.
Билим берүү жана илим министрлигинде мугалимдик кесипке окуган алдынкы студенттерге 4 миң сомго чейин стипендия берүү каралууда. Ошондой эле билим берүү уюмдарына жектекчиликке сынакка коюлган талаптарга өзгөртүүлөр киргизилип, пенсия курагындагы мугалимдер мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына талапкер боло ала турган болду.
Ал эми социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Кыргызстанда аялдардын пенсияга чыгуу жаш курагы көтөрүлбөй турганын маалымдады. Ошондой эле төрага 2023-жылдын 1-январынан тарта эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 7 миң 200 сом болорун убадалады.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев электр энергиясынын баасын акырындык менен көтөрүү керек экендигин айтып, анын себебин дагы түшүндүрдү.
Төө-Ашуудагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө 7-августка чейин маал-маалы менен чектөө киргизилди. Мындай чектөө жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу болгону айтылат.
Чүй облусундагы Молдовановка айылында жайгашкан №27 түзөтүү мекемесинде жоокер өзүн атып каза тапты. Жоокердин жакындары анын өзүн атып алганына ишенбестигин айтышып, акыйкат издейт.
Боомдо кечээ, 30-июлда селдин кесепетинен унаа жол жабылып, 20 -22 миң куб кум-шагыл тазаланды. Ишембиде Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов киши колдуу каза болду.