Абакта өлтүрүлгөн Дөө Чыңгыздын сөөгүн жакындары алып кетишти

Бишкектеги абакта киши колдуу каза болгон Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун сөөгүн жакындары алып кетишти. Бул тууралуу маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, анын сөөгү кечээ, 30-июлда жакындарына берилген.

Белгилесек, кечээ, 30-июлда №21 мекемесинде Чыңгыз Жумагулов киши колдуу каза болгон. Андан соң ЖАК окуя тууралуу билдирүү таратып, Дөө Чыңгызды камерада чогуу отурган адам жеке пикир келишпестиктен улам келип чыккан чырда өлтүргөнүн айтышкан.

Маалымат үчүн:

Чыңгыз Жумагулов 2019-жылы Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып ташталган эки адамдын өлүмүнө шектелип 11-апрелде ИИМдин тергөө абагына отургузулган. Июнь айында Биринчи Май райондук соту аны "бейбаштык" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Ал 2021-жылы жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу абактан чыккан.

2022-жылы Чыңгыз Жумагулов кайрадан кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле ишкерлик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган. Көп өтпөй социалдык тармактарда Чыңгыз Жумагулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өзү келди делген видео тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан