Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз дагы деле табыла элек

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, наристени издөөгө 31-июлда жалпысынан 37 куткаруучу тартылып, кеч кирип кеткендигине байланыштуу саат 21:30да издөө иштери токтотулган. Кызды издөөдөн натыйжа болбогондуктан, бүгүн 1-августта улантылат.

Белгилей кетсек, 18-июль күнү Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.

Изделип жаткан 4 жаштагы кыздын атасына байланышканыбызда, издөө иштерине дрон жана ыктыярчылар тобу тез арада керек болуп жаткандыгын билдирген.

Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар кыздын атасына байланышса болот: Сабыр - 0705-60-37-04, 0555-99-56-26.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан