Бүгүн, 1-августта абакта киши колдуу каза болгон Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылында өтүп жатат. Бул тууралуу "Кактус медиа" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү айылдагы көрүстөнгө коюлат. Учурда жаназа намазын окуу үчүн 500дөй адам чогулган.
Белгилей кетсек, 30-июлда №21 мекемесинде Чыңгыз Жумагулов киши колдуу каза болгон. Андан соң ЖАК окуя тууралуу билдирүү таратып, Дөө Чыңгызды камерада чогуу отурган адам жеке пикир келишпестиктен улам келип чыккан чырда өлтүргөнүн айтышкан.