Индияда маймыл чечек илдетинен каза болгон алгачкы учур катталды

Индияда маймыл чечек илдетинен каза болгон алгачкы учур катталды. Бул тууралуу Индиянын Керала штатынын саламаттыкты сактоо министри Вина Жоржго шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка ылайык, каза болгон 22 жаштагы адамда маймыл чечек оорусунун симптомдору болгон эмес. Анда бул илдет бар экени чет өлкөдөн аныкталган. Ооруканага энцефалит жана чарчоонун белгилери менен жаткырылган.

Маркум маймыл чечек илдетинен каза болгондорду жерге берүү эрежелери менен акыркы сапарга узатылган. Аны менен жакын байланышта болгон туугандары медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө экени айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан