Өлкө аймагында 1 апта ичинде коронавирусту жуктуруп алган 1091 учур катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, 25-июлдан 31-июлга чейин республика боюнча 1091 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган.
Оору жуктуруп алгандардын ичинен 911 бейтап амбулатордук дарыланууда, 180 бейтап ооруканага жаткырылган.