Кадамжайда тамак-ашка уулангандардын саны 89га жетти

Баткен облусунун Кадамжай районунда тойканада тамак-ашка уулангандардын саны 89 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, алардын ичинен 16 адам (2 жаш бала) ооруканага жаткырылды.

30-июлда "Алмаз" тойканасында 250 адам катышкан үлпөт той өткөн. Анда салаттын 3 түрү, коон, жемиштер, грилде бышырылган тоок эти, ысык тамактар жана эт болгон. Салаттарды той ээлери үй шартында жасап, этти бышырып келишкен. Ал эми кафеде ысык тамактар даярдалган.

Тойкананын администрациясынын үстүнөн мыйзам бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, аларга мыйзамга ылайык айып пул салынат. Тойкананын иши убактылуу токтотулду.

Белгилей кетсек, кечээ тойканадагы тамак-ашка ууланып, 58 адам ооруканага кайрылганы маалымдалган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан