Өткөн аптада 163 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа башкарганы аныкталды

Акыркы жумада республикада 16 миң 726 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында айтылат.

Билдирүүгө ылайык, анын ичинен ылдамдык чегинен ашып кеткен 3654 айдоочу аныкталды. Калгандары:

  • тиешелүү документтери жок - 163;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 5438;
  • жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузган – 955;
  • ээн баштык – 3;
  • ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 57;
  • жол белгилеринин талаптарын аткарбаган – 5295;
  • айнектери караңгылатылган унааны башкарган -16;
  • мас абалында унаа башкарган – 248;
  • унаа токтотуучу жайга токтотулду – 948.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин бузбоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан