Бүгүн, 1-августта Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы “Танк биатлону” эл аралык мелдешине катышуу үчүн Орусияга жөнөп кетти.
Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, “Алабино” полигонунда 13-августтан 27-августка чейин “АрМИ-2022” алкагында өтүүчү “Танк биатлону-2022” эл аралык мелдеши орун алат. Анда Кыргызстандын намысын аскер бөлүктөрдүн такай жайгашкан пункттарында алдын ала тандоодон өткөн жана №20636 аскер бөлүгүнүн окуу борборундагы “Эң мыкты танк экипаж” мелдешинин жыйынтыгы боюнча мыкты деп таанылган 4 экипаж коргойт.
Белгилей кетсек, 2021-жылда Кыргызстандын командасы Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетиянын аскерлерин озуп, өз тобунда биринчиликти ээлеген.