Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылынын тургуну кечээ жаап өткөн мөндүр 2 гектар жердеги арпа, буудайын талкалап кеткенин билдирген. Ошондой эле буудай менен арпанын үрөнүн насыяга алганын айтып, Айыл чарба министрлигинен жеңилдик болобу деп суроо салган.
Окурмандын кайрылуусу боюнча, Айыл чарба министрлигине байланышканыбызда, аталган маселе ведомстволук комиссия тарабынан чечилерин айтышты.
"Ысык-Көл облусунун Түп жана Жалал-Абад облусунун Аксы райондорунда мөндүрдүн кесепетинен зыян тарткан айыл чарба өсүмдүктөрүн жеринен текшерүү боюнча ведомстволук комиссия түзүлүп, эртең жолго чыкканы жатат. Анын курамында ӨКМнын, "Айыл Банктын" өкүлдөрү болот. Алар жеринде чыгымды эсептейт. Дыйкандар насыяны төлөй алышабы же жокпу аны комиссия чечет", - деп билдиришти министрликтен.