Боомдо сел агызып кеткен Toyota Sienna унаасын издөөгө 4 куткаруучу тартылды

Бүгүн, 1-августта Чүй облусунун Кемин районундагы Чу дарыясына сел агызып кеткен унааны издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 4 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, жерине унааны издөө үчүн ӨКМнын Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 4 куткаруучу тартылды. Учурда унаа изделип жатат.

Эскерте кетсек, 30-июлда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун болжол менен 137-чакырымында Toyota Sienna үлгүсүндөгү унааны сел Чу дарыясына агызып кеткени жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан