Боом капчыгайында унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Белгилүү болгондой, жеринде ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүзүлүүдө.
"Жол тазалоо мекемесинин кызматкерлери көчкүнү тазалап, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалап жетишпей жатышкандыгын жана түшкөн көчкүнүн көлөмү эбегейсиз көп экендигин билдиришүүдө", - деп жазылат маалыматты.
ЖКККББнын кызматкерлери, айдоочуларды жол кыймылынын убактылуу чектөөсүнө түшүнүү менен мамиле кылып, алыскы сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырат.
Белгилесек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун 154,155-чакырымында жаан-чачындан пайда болгон селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калган. Учурда көчкүнү тазалоо иштерине баардык керектелүүчү техника каражаттары тартылып, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалоо иштери эки тарабынан тең кызуу жүрүүдө.