Бүгүн, 1-августта Ысык-Көл облусундагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо-реабилитациялык борборуна Орусияда жашаган кыргыз мекендештердин 100 баласы эс алууга келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
“Окууда, чыгармачылыкта, спортто жана коомдук-маданий ишмердүүлүктө айырмаланган балдардын тизмеси Свердлов, Челябинск, Тюмень облустарындагы, Пермь аймагындагы, Ямало-Ненецк жана Ханты-Мансийск автономиялуу округдарындагы кыргыз коомдук диаспоралык уюмдарынын жетекчилери тарабынан түзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.
Бул иш-чара өлкө жетекчилигинин, Жогорку Кеңештин жана министрлер кабинетинин колдоосу менен Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу тарабынан ишке ашырылып, чет өлкөлөрдөгү мекендештердин балдарынын тарыхый мекени менен байланышын колдогон жана Ысык-Көлдө эс алуусун уюштурууга багытталган алгачкы долбоор болуп саналары айтылат.