Өлкөдө 1-августтан 4-августка чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдады.
"1-4-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн”,- деп айтылат маалыматта.
Министрлик буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.