ЭЛДИК КАБАРга жооп: Министрлик: "Ала-Букадагы паспорт столдо күтүү залы ишке киргизилет"

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун тургуну аймакта бир гана паспорт столу иштерин, жергиликтүү тургундар узун кезек күтүү менен убаракерчилик тартып жатканын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кабарлаган. Анда ал "Кезекке саат 5те келип жазылабыз. Түштө келсең 50-55-кезекке туруп каласың" деген.

Жогорудагы маселе боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине байланышканыбызда, төмөнкүдөй жооп кайтарды.

"Аталган бөлүмгө Ала-Бука районунун жашоочуларынан тышкары Чаткал районунун Терек-Сай, Сумсар, Шакафтар айылдарынын жашоочулары да мамлекеттик кызмат алуу үчүн кайрылышат. Анткени калкты каттоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык, калкты каттоо жана документтештирүү боюнча мамлекеттик кызматтар жарандардын жашаган же катталган жеринде гана эмес, каалаган же кайрылган жеринде көрсөтүлөт.

Ала-Бука районунун жашоочулары Көк-Серек, Көк-Таш жана 1-Май айыл өкмөттөрүнө калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн кайрылса болот", - дешти министрликтен.

Ошондой эле мекемеден мамлекеттик кызмат алууда ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн имарат аянттын кеңейтүү иштери жүрүп жатканын белгилешти.

"Учурда райондун калкына мамлекеттик кызмат алууда ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында райондук бөлүм жайгашкан имараттын аянтын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жакынкы аралыкта жарандар үчүн ыңгайлуу күтүү залы жана электрондук кезек күтүү системасы ишке киргизилет.

Орто эсеп менен Кыргыз почтасынын имаратында жайгашкан Ала-Бука бөлүмүндө бир күндө 120-130 жаран кабыл алынса, жогоруда көрсөтүлгөн айыл өкмөттөр менен бирге жалпысынан 500дөн ашык жаранга мамлекеттик кызмат көрсөтүлөт", - деп билдиришти министрликтен.

Маалымат үчүн: Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин Ала-Бука районунун региондор аралык бөлүмүндө жалпысынан 10 кызматкер иш алып барат. Кыргыз почтасынын имаратында жайгашкан бөлүмдө 7 кызматкер жарандарды кабыл алышса, Ак-Коргон, 1-Май жана Көк-Таш айыл өкмөттөрүндө 1ден кызматкер, жалпысынан 3 кызматкер калкты каттоо жана документтештирүү боюнча жарандарга кызмат көрсөтүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан