“Жети-Өгүздүн Саруу айылында митингге чыккан активдүү жаштарды укук коргоо кызматкерлери сабап жатышыптыр”,- деп билдирди ЖКнын 4-декабрдагы жыйынында депутат Гүласал Садырбаева. Айтымында, укук коргоо органдары чектен чыгып кетишүүдө. “Саруулуктардын укук коргоо органдарына дооматтары көп. Муну текшерип, укук коргоо кызматкерлеринин иш аракеттерине баа берилиши керек”,- деди депутат.
Төрага Асылбек Жээнбеков бул боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.