Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Түркияда күз айларында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу иш-чаралары талкууланды. ТҮРКСОЙдун ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары боюнча пикир алмашуу болду.
Уюмдун негизделишинин 30 жылдыгына карата 2023-жылы пландаштырылган иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулган.