Дональд Трамп салык төлөбөш үчүн биринчи аялын гольф аянтчасына көмгөн

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп биринчи аялынын сөөгүн өзүнүн гольф аянтчасына койду. Америкалыктар ал мындай жол менен салык төлөөдөн качкысы келгендигин айтышууда. Трамптын биринчи жубайы Ивана Трамп 14-июлда Нью-Йоркто көз жумган. 20-июлда анын сөөгү Нью-Жерси штатынын Бедминстер шаарчасындагы "Трамп Гольф" клубунун аянтына коюлган.

Бир катар ММКларда Ивана Трамптын тажыясы салыктан качуу аракети болушу мүмкүн деген маалыматтар бар, анткени Нью-Жерси штатынын мыйзамдары сөөк коюучу компанияларга мүлк салыгын, сатуудан түшкөн салыкты, киреше салыгын жана мурас салыгын төлөбөөгө уруксат берет.

Сөөк коюу компаниялары астында көрүстөндөрдүн ээси же иштеткен ар кандай адамдар же уюмдар айтылат. Салык кодексинде сөөк коюунун минималдуу саны да каралган эмес - жана "бир өлүк жетиштүү болот окшойт" деп жазышкан журналисттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан