Ооганстанда "Аль-Каиданын" лидери Айман ал-Завахири өлтүрүлдү

1-августтун кечинде АКШ президенти Жо Байден мекендештерине кайрылуусунда Ооганстанда антитеррордук операция жүрүп жатканын, анын натыйжасында "Аль-Каиданын" лидери Айман ал-Завахири жок кылынганын билдирди.

Андагы маалыматка караганда, Завахири Кабул убактысы менен 31-июлда таңкы саат 6:18де үйүндө өлтүрүлгөн. "Ал-Каиданын" башчысынын үйүнө эки учкучсуз учак сокку урган жана андан башка эч ким жапа чекпегени айтылды.

Айман ал-Завахири Египетте төрөлүп, 1974-жылы Каир университетинин медицина факультетин аяктаган. 1970-жылдары ал 1990-жылдардын аягында "Аль-Каида" менен бириккен египеттик экстремисттик топтун лидерлеринин бири болгон. Египетте Завахири сыртынан өлүм жазасына кесилген. Ошондой эле ал "Аль-Каиданын" лидери Усама бен Ладендин жеке дарыгери болгон. 2011-жылы АКШ Усама бен Ладенди жок кылгандан кийин ал "Аль-Каиданы" жетектеп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан